Алматыдагы нөшөрдүн кесепети

12.05.2022, 14:29

Алматыда бир күн мурун жааган жамгырдын кесепеттерин жоюу иштери аяктады. Шаардык өзгөчө кырдаалдар департаментинин маалыматы боюнча 30 инфраструктуралык объектилерди, 16 турак жайды, ошондой эле Аль-Фараби жана башка ири көчөлөрдүн кесилиштеринин астындагы жолдорду суу каптаган. Көчөлөрдөгү сууну агызып чыгарууга жалпысынан 609 адам, 252 атайын техника жана 24 мотор сордургуч менен мобилдик бригада тартылган. 2050 кум толтурулган кап даярдалды. Табигый кырсыктан эч ким жабыркаган эмес. Белгилей кетсек, Казгидромедтин маалыматы боюнча бугу айынын 13-14күндөрү шаарда жаан, мөндүр жаап, күн күркүрөйт.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков