Көкшетауда казак тили жаңы ыкма менен үйрөтүлөт

12.05.2022, 13:10

Көкшетауда казак тили инновациялык ыкма менен үйрөтүлө баштады. Эми шаардагылардын баары «сүйлөшөлү достор!» клубуна келип, казак тилин өздөштүрө алат. Бул жерде мамлекеттик тил мугалимдердин жардамы жана ошондой эле, формалдуу эмес чөйрөдө угуу жана оозеки баарлашууну өнүктүрүү аркылуу окутулат. Клубдун угуучулары өз ара түрдүү темада аңгемелешип, кыскача баарлашууларды жүргүзүшөт. Белгилей кетсек, тил ийримине жаштардан тартып, пенсионерлерге чейин бардык курактагы студенттер катыша алышат.

Мадина Көкенова, клуб тарбиячысы:

- Өзгөчөлүктөрдүн бири тилди грамматикасыз баарлашуу аркылуу гана үйрөнүүгө болот. Үйрөнүүнү каалагандар тилди ар кандай видеороликтерди көрүү аркылуу, диалог куруу аркылуу өздөштүрө алат.  Эң негизгиси, албетте, алардын каалоосу болуш керек деп ойлойм.

Белгилей кетсек, окуучулар тил үйрөнүү менен катар казак элинин байыркы каада-салттары, үрп-адаттары менен таанышып, чакан диалог түзүшүп, тил көнүгүүлөрүн аткарышат.

Каратай Түлекеев, Облусттук окуу-методикалык борборунун мүдүрү:

- Эми 20 окуу борбору бар. Алар 21-25 түрдүү тилди өнүктүрүүнүн жана колдонуунун кадимки программасына негизделген. Негизинен жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүнгөн, ал эми биздин клубдар азыр мугалимдердин кошумча жумуштары. Алар акча алышпайт. Бош убактысын колдонот.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков