«КЭП» фракциясынын депутаттары элдин кирешесин арттыруу программасын сынга алды

11.05.2022, 18:27

Жаш чеберлердин графика, гобелен искусствосуна кызыгуусун арттыруу. Борбор калаада Казакстандын сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү Ботагөз Төлештин «Жаңылануу» аттуу көргөзмөсү ачылды. Бир эле учурда бир нече жанрды өздөштүргөн сүрөтчү Казакстанда гана эмес, чет өлкөлөрдө да таанымал. Анын эмгектери Болгарияда, Түркияда, Польшада коюлуп, бүгүнкү күндө Казакстан, Улуу Британия, АКШ жана Италиянын жеке коллекцияларында сакталып турат. Автордун айтымында, искусство универсалдуу. Аны өз эркине коюу - элдин жүрөгүнөн түнөк таба турган кайталангыс чыгармалардын жаралышына алып келет.

Ботагөз Төлеш, сүрөтчү:

- Чыгармачылык - бул эркиндик. Бул жерде кенен ой жүгүртүү, эркиндик, эң негизгиси эркиндик. Ошондуктан мени гобелен, графика, живопись, май боёк, акрил жана акварель кызыктырат. Гобеленден 20га жакын, графикадан 10дон ашык, живопистен 25-30га жакын эмгектер коюлган.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков