Казакстанда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери тууралуу бирдиктүү маалымат базасы түзүлдү

06.05.2022, 18:27

Казакстанда ардагерлердин бирдиктүү маалымат базасы түзүлдү. Өлкөнүн ар бир жараны жөнүндө таанышып эле тим болбостон, бул жерде Улуу Ата Мекендик согуштун талааларында согушкан туугандары тууралуу маалыматтарды да жайгаштырууга мүмкүнчүлүгү бар.

Актөбө шаарынын тургундары да «Баатырларга таазим» сайтында баатырлардын элесин түбөлүккө калтырууну көздөшүүдө. Облустан фронтко 122 миң адам аттанган. Эрдиги жана каармандыгы үчүн облустун 35 тургунуна Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган. Алардын арасында Малкеждар Букенбаев да бар. Анын үй-бүлөсүндө атасы менен чоң атасынын эрдигин, баатырдыгын эскерүү ыйык. Малкеждар Букенбаев Биринчи Белорус фронтунда аткычтар взводун башкарган. Ал Польшанын Хелм шаарынын жанындагы салгылашта өзгөчөлөнгөн. Кармашууда бир немис офицерин өлтүрүп, беш жоокерди туткунга алган. Жарадар болгону менен  согуш талаасын калтырып кеткен эмес.

Дина Букенбаева, Советтер союзу баатырынын небереси:

- Негизинен бул биздин тарых жана тарыхты билишибиз керек. Азыр баары онлайн форматка өтүп жатат, онлайн медиа, онлайн кинотеатрлар, онлайн билим берүү. Ошондуктан, мындай сайттарды түзүү чынында эле маанилүү. Ар бир адам экинчи дүйнөлүк согушка катышкан туугандары же жердештери тууралуу таба алат, биле алат.

Малкеждар Букенбаев тынчтык мезгилинде эле укук коргоо органдарында көп жылдар бою иштеген. Анын ысымы Казакстан Республикасынын Ички иштер министрлигинин Актөбө юридикалык институтуна ыйгарылган. Окуу жайда сейрек кездешүүчү сүрөттөр жана документтер сакталган Советтер Союзунун Баатыры атындагы музей бар. Окуу жайдын кызматкерлеринин айтымында, материалдар Казакстандын жана Орусиянын архивдеринде топтолгон. Мунун баары мугалимдердин демилгеси менен жарык көргөн китепке киргизилген.

Зина Нурыш, Казакстандын М.Букенбаев атындагы Актөбе юридика институтунун кафедрасынын доценти:

- Жыл сайын музейдин курсанттарына жана конокторуна каарманыбыз жөнүндө айтып, Малкеждар Букенбаев тууралуу тасма көрсөтүп келебиз. Жаңы китеп чыкты, дагы бир китеп чыгарууну мерчемдеп жатабыз.

Белгилей кетсек, Казакстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 381 ардагери жана жеңишке салымын кошкон дээрлик 98 миң жаран жашайт.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков