«Асанали» сыйлыгы ыйгарылат

06.05.2022, 10:38

Казакстанда биринчи жолу театр жана кинонун ардагерлерине «Асанали» сыйлыгы ыйгарылат. Ал казак искусствосунун жарык жылдызы, Казакстандын Эмгек Баатыры, легендарлуу Асанали Ашимовдун 85 жылдыгына карата уюштурулган. Сыйлык өлкөнүн мыкты актерлоруна, режиссерлоруна жана сценаристтерине ыйгарылат. Талапкерлер, мыктыларды атайын түзүлгөн серепчилик топ тарабынан аныкташат.

Еркин Жуасбек, М. Ауезов атындагы драма театрынын мүдүрү:

- Учурда биринчи жолу уюштурулуп жаткан белекте жаш курак боюнча чектөө жок. Жаңы эле тапшырма алдык. Биз бардык театрлардын акыркы жылдардагы мыкты иштерин экранга чыккан чыгармалардын мыктыларын сунуштайбыз. Ошол жерде чоң талкуу болуп, андан кийин баш байгенин жеңүүчүлөрү аныкталат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков