Касым-Жомарт Токаев NAZARBAYEV UNIVERSITYне барды

04.05.2022, 18:50

Казакстандын президенти Nazarbayev университетине барды. Мамлекет башчысы ЖОЖнын билим берүү, илимий-изилдөө иштери жана университетти мындан ары өнүктүрүү стратегиясы менен таанышты. Касым-Жомарт Токаевге окуу борборунун илим, саламаттыкты сактоо, санариптештирүү, айыл чарба, экология жана спорт тармагындагы билим берүү долбоорлору жана программалары тууралуу баяндалды. Мындан тышкары, Назарбаев Университетинин чет элдик алдыңкы илимий жана билим берүү борборлору, медициналык, инновациялык кластерлер менен кызматташуусу, бүтүрүүчүлөрдүн стартап долбоорлору тууралуу маалымат берилди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков