Казакстанда Абай, Жетису, Улытау облустары пайда болду

04.05.2022, 16:21

Казакстанда Абай, Жетису, Улытау облустары пайда болду. Президент кол койгон жарлыкка ылайык Абай облусунун административдик борбору – Семей, Жетису облусунуку – Талдыкорган, Улытау аймагыныкы  болуп – Жезказган шаары бекитилди. Ал эми Алматы облусунун борбору Конаев шаарына көчүрүлдү. Жарлык ушул жылдын кулжа айынын 8нен тарта күчүнө кирет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков