Казакстанда санариптик документтерди иш кагаздары менен теңдеген атайын мыйзам кабыл алынды

04.05.2022, 16:17

Казакстанда санариптик документтердин ролун жогорулатууга багытталган атайын мыйзам долбоору кабыл алынат. Бүгүн парламент мажилисинде депутаттар инновацияларды илгерилетүү, санариптештирүүнү өнүктүрүү жана маалыматтык коопсуздук боюнча мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү биринчи окууда жактырды. Документти тышкы иштер министри Багдад Мусин тааныштырды. Анын айтымында, негизги документтерден тышкары туулгандыгы, нике жана ажырашуу тууралуу күбөлүктөр электрондук форматка өткөрүлөт. Ошентип, казакстандыктар документти QR-код аркылуу басып чыгара алышат. Же электрондук версиясын көрсөтөт. Ал эми жоголгон учурда көчүрмөсүн талап кылуунун кереги жок. Ошондой эле, министр өздүгүн тастыктаган документтин же башка документтин сүрөтү санариптик документ болуп эсептелбей турганын кошумчалады.

Багдат Мусин,  Санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана аэрокосмос өнөр жай министри:

- Санариптик документ – бул биринчи кезекте текшерүү механизми бар документ. Башкача айтканда, сиз аны eGov Mobile тиркемесинде же башка банктардын тиркемесинде жүктөп алып, QR-кодду басып, башка бирөөгө көрсөтө аласыз. Смартфондон санариптик документтин расмий документ экенин далилдей аласыз. Аныктыгы QR-код менен гана ырасталат.

Мыйзам долбоору бардык мамлекеттик башкарууну трансформациялоого багытталган. Министрдин айтымында, электрондук кызматтар бардык казакстандыктар үчүн жеткиликтүү болушу керек жана алардын жашаган жерине таасирин тийгизбеши зарыл. Башкача айтканда, мыйзам долбоорунда интернет байланышы начар айыл жергесинде санариптик пункттарды орнотуу каралган. Ал эки миң айыл округунда улуттук почта операторунун базасында ачылат. Мындай жол менен айыл тургундары мамлекеттик органдарга электрондук кайрылууларды жиберүүгө мүмкүнчүлүк алышат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков