Казакстанда ири компаниядагы кызматкерлердин кирешеси жогорулайт

03.05.2022, 18:42

Казакстанда ири компаниялардын 200 миңден ашуун кызматкеринин кирешесин көбөйтүү мерчемделип жатат. Бул тууралуу Казакстандын премьер-министринин орун басары Ералы Тогжанов борбор калаада калктын кирешесин жогорулатуунун 2025-жылга чейин программасын караган жыйында билдирди. Анын айтымында, серепчилер тарабынан талкууланып, коомчулук тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоорго биринчи кезекте бардык министрликтердин, облустардын, айыл аймактардын акимдери жооптуу.

Ералы Тогжанов, Премьер-министрдин орун басары:

- Биз ири квазимамлекеттик сектордогу компаниялардын ролу,  өндүрүштө иштеген жарандардын жыргалчылыгын арттыруу жана эмгек акыларын жогорулатуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу чечим кабыл алууга макул болдук. Ошол программалардын арасында Самрук-Казынага түздөн-түз тиешеси бар көптөгөн ири компаниялар бар. Мунун баары белгилүү. Биз бул ири ишканалардын ишинде конкреттүү иш-чараларды, иштеп жаткан жарандардын мүмкүнчүлүктөрүн жана жыргалчылыгын жогорулатуу боюнча долбоорлорду ишке ашыруубуз керек. «Самрук-Казына» фондунда иштеген 200 миңден ашык адамдын абалын жакшыртууну макулдаштык. Ал программага киргизилген.

Буга чейин өкмөт башчысынын орун басары программанын алкагында экономиканын түрдүү тармактарында 2 миллиондон ашык жаңы жумуш орундары түзүлөөрүн билдирген. Анын ичинде өнөр жайда 950 миң, инфраструктурада 583 миң, айыл чарбасында 458 миң, туризмде 59 миң жумушчу орун түзүлөт. Булар бүгүнкү күндө реалдуу мүмкүнчүлүктөр. Белгилей кетсек, долбоорго жалпысынан 197 миллиард теңге каралган.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков