Тблисиде Абай эстелиги ачылды

29.04.2022, 11:24

Тбилисиде казактын улуу акыны жана ойчул Абай Кунанбай уулунун эстелиги ачылды. Грузин айкелчиси жасаган эстелик борбор шаардын аянттарынын бирине орнотулду. Ачылыш аземине Казакстандын Индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министри Кайырбек Өскенбаев жана Грузиянын экономика министринин орун басары Геннадий Арвеладзе катышты. Катышуучулардын айтымында, казак ойчулу жана агартуучусунун образы эки өлкөнүн достук мамилесин дайыма эске салып турат. Кошумчалай кетсек, эстелик тургузулган проспектиге Абайдын ысымы берилди.

Бауыржан Мухамеджанов, Грузиядагы Казакстандын толук жана ыйгарым укуктуу элчиси:

- Быйыл эки өлкөнүн дипломатиялык мамилесине 30 жыл толот. Бул эстелик эки элдин ортосундагы достуктун руханий көпүрөсүнө айланып жатат.

Эрекле Макашвили, Тбилисинин тургуну:

- Мен бул ойчул тууралуу Казакстандын Грузиядагы элчилигинен угуп, билдим. Абайдын 175 жылдыгына арналган китеби менин кабинетимдин төрүндө турат. Толук окуп чыктым. Мага анын поэтикалык күчү, философиялык ойлору абдан жагат. Эстеликтин ачылганына кубанычтамын.

Абайдын сөздөрү грузин коомчулугунда чоң суроо-талапка ээ. Анын өткөн жылы грузин тилинде гана жарык көргөн чыгармаларынын жыйнагы кайрадан басылып чыгат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков