Нур-Султанда «Томирис» кинофестивалы өтүп жатат

27.04.2022, 12:31

Борбор калаада студенттердин III Эл аралык «ТОМИРИС» кинофестивалы өтүп жатат. Быйылкы сынакка Казакстан, Орусия, Кыргызстан, Армения, Франция, Чехия жана Түштүк Кореядан келген таланттуу жаш режиссерлор катышууда. Калыстар тобуна анимациядан тарта ар кандай жанрдагы 53 тасма тартууланат. Алардын 34ү эл аралык, 19у улуттук номинациялар боюнча көрсөтүлөт. Чыгармалар 3 күн бою белгилүү чет элдик кинорежиссерлор жана ата мекендик квалификациялуу адистер тарабынан бааланат. Алардын арасында атактуу кинорежиссер, эки жолку Оскар сыйлыгына талапкер Сергей Бодров да бар.

Гүлнар Абикеева, калыстар тобунун төрагасы:

- Сапаттуу кино деген эмне? Бул кызыктуу тема, бирок ошол эле учурда эң актуалдуу темалардын бири. Экинчи критерий – көркөм сапат. Каалаган адам камераны алып, каалаган нерсени, каалаган окуяны тарта алат. Бирок көркөмбү, бул режиссердун келечекте кино же сериал тартууга мүмкүнчүлүгү барбы? Мунун баары кинонун тилинен көз каранды. Канчалык жакшы продюсер табылбасын, оператор, актёрлордун болушу, мунун баары көркөмдүк сапатка келип такалат.

Адилет Есим, Кинофестивалдын катышуучусу:

- «Буркасын» картинасы менен катышып жатам. Бул тасма эки жыл мурун тартылган. Учурда чыгарма жаңы дем алып, карантинден кийин эл аралык фестивалда көрсөтүлүүдө. Бул мен үчүн абдан маанилүү. Тасма 1986-жылдын бештин айынын окуясы тууралуу баяндайт. Мен аны биринчи курста окуп жүргөндө тарткам. Акыркы убакта бул тема актуалдуу боло баштады.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков