БУУ: дүйнөдө качкындардын саны кескин көбөйдү

27.04.2022, 11:20

Дүйнөдө качкындардын саны күн сайын өсүүдө. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча жогорку комиссарлыгынын атайын баяндамасында айтылат. Изилдөөнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, бул климаттын өзгөрүшүнө жана табигый кырсыктардын көбөйүшүнө байланыштуу. Акыркы жыйырма жылдын ичинде качкындардын жылдык саны 350-500 адамга көбөйдү. Салыштырсак, бул көрсөткүч 50 жыл мурункуга караганда 5 эсеге көп. Адистердин айтымында, 2030-жылга чейин өрт, суу ташкындары, пандемия жана химиялык кырсыктардын саны жылына 560ка жетиши мүмкүн. Бул өз кезегинде миллиондогон адамдардын өмүрүн коркунучка алып келет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков