Казакстандын президенти «АМАНАТ» партиясынын төрагалык кызматын токтотту

26.04.2022, 19:10

Касым-Жомарт Токаев «АМАНАТ» партиясынын мүчөлүгүнөн чыгып, төрагалык кызматтан кетти. Мамлекет башчысы өз чечими тууралуу партиянын кезексиз XXIII съездинде жарыялады. Президент бул кызматка парламент Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошановдун талапкерлигин көрсөттү. Съезддин делегаттары аны бир добуштан колдошту. Ошондой эле, жыйындын жүрүшүндө  «AMANAT» партиясына кошулду.

Которгон: Илгиз Жамалбеков