Улуттук тестирлөө борбору быйылкы УБТнын жаңычылдыктарын жарыялады

26.04.2022, 12:59

Улуттук тестирлөө борбору улуттук бирдиктүү тестирлөөдөгү жаңылыктарды жарыялады. Ошентип, бүтүрүүчүлөрдүн арыздары эске алынып, быйыл грантка талапкерлерге эки сынактан өтүү мүмкүнчүлүгү берилди. Ошол эле учурда абитуриенттер эки мүмкүнчүлүктө профилдик дисциплиналардын бир гана комбинациясын тандай алышат. «Укук» билими боюнча босого балл өзгөрүп, 75 баллды түздү. Өзгөчө билимге муктаж балдарга кошумча 40 мүнөт убакыт берилди. УБТнын катышуучулары тесттен кийин экранда, ошондой эле жеке кабинетте тематикалык талдоо мүмкүнчүлүгүн алышат. Бул абитуриенттерге ар бир предметти өздөштүрүү деңгээлин түшүнүүгө мүмкүндүк берет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков