Роза Багланованын 100 жылдыгына карата Карагандыда концерт өттү

26.04.2022, 11:55

Карагандыда Роза Багланованын 100 жылдыгына карата 2 сааттка созулган концерт болуп өттү. Тубаса таланттын мукам ырларына баа бергендер «Саулем-ай», «Актамак», «Сыр гүли» чыгармаларын угушту. Артисттер республикага белгилүү чыгармаларды аткарышты. Айта кетсек, музыка дүйнөсүнүн мааракесине карата өнөрпоздун атын алып жүргөн «Казакконцерт» мындай чыгармачылык кечелерин өлкөнүн бардык аймактарында өткөрүп келет.

Ерлан Рыскали, Казакстандын эмгек сиңирген ишмери:

- Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев «Казак булбулу», Эл артисти Роза Багланованын элесин түбөлүккө калтырууну тапшырды. Анын 100 жылдык мааракесинин урматына республиканын булуң-бурчунда чыгармачылык кечелер уюштурулат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков