Касым-Жомарт Токаев Франция президентине куттуктоо телеграммасын жиберди

25.04.2022, 15:59

Касым-Жомарт Токаев Казакстан элинин жана жеке өзүнүн атынан Эммануэль Макронду Франциянын президенти болуп кайра шайланышы менен куттуктады. Президент эки өлкөнүн ортосундагы салттуу достукка жана өз ара колдоого негизделген стратегиялык өнөктөштүккө жаңы дем берүү үчүн өз ара күч-аракеттерди жумшоого даяр экенин ырастады. Касым-Жомарт Токаев Эммануэль Макронду Казакстанга расмий сапар менен келип, эки өлкөнүн көп кырдуу кызматташтыгын бекемдөө жолдорун талкуулоого чакырды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков