Экинчи Республика. Баш мыйзамга киргизиле турган өзгөрүүлөр менен толуктоолор

25.04.2022, 15:55

Казакстан өлүм жазасы иш жүзүндө жана мыйзамдуу түрдө жок өлкөлөрдүн катарына кирди. Былтыр кылмыш кодексинен алынып салынган бул түшүнүк эми Конституциядан биротоло жоюлду. Өлкөнүн негизги документине ушул жана башка өзгөртүүлөр менен толуктоолор атайын брифингде айтылды. Мындан ары Конституциялык кеңеш Конституциялык сотко айланат. Бул тажрыйба дүйнөнүн 70ке жакын өлкөсүндө ийгиликтүү ишке ашырылып келет. Парламенттин түзүлүшүнө, анын ишмердүүлүгүнө байланыштуу дагы бир катар жаңы демилгелер бар. Мындан тышкары, палаталардын кошмо жыйынында конституциялык мыйзамдарды кабыл алуу сунушу колдоо тапты.

Нурмуханов Бакыт, атайын жумушчу топтун  мүчөсү,  Конституциялык кеңештин аппарат жетекчиси:

- Эгерде мен айткан конституциялык өзгөртүүлөр кабыл алынса, мамлекет башчысы жарыялаган Экинчи Республика идеясын ишке ашырууга бекем укуктук негиз түзүлөт. Саясий-укуктук системада мамлекеттик институттардын мамилелери, өз ара аракеттенүү механизмдери жана эл алдындагы жоопкерчилиги жогорулайт. Жалпысынан Президенттин идеяларын ишке ашыруу конституцияга ылайык укуктук системаны натыйжалуу өнүктүрүүгө, жарандардын конституциялык укуктарынын кепилдиктерин жана өлкөдө мыйзамдуулукту бекемдөөгө, калктын мамлекеттик институттарга болгон ишенимин жогорулатууга мүмкүндүк берет.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков