Нур-Султанда «Боёк поэзиясы» көргөзмөсү өтүүдө

25.04.2022, 11:32

«Боёк поэзиясы» стилиндеги 100 жаркын чыгарма. Борбор калаада казакстандык сүрөтчү Бахытнур Бүрдесбековдун жеке көргөзмөсү ачылды. Боёкту ойнотуп, сүйлөтө билген кылкалем чеберинин чыгармалары ар бир адамды өзүнө тартып, сүрөт өнөрүнүн ажайып дүйнөсүнө саякатка чыгараары талашсыз. Искусство чеберлеринин айтымында, сүрөтчүнүн кайталангыс кол тамгасы бай жана жөнөкөй кылдардын айкалышынан даана таанууга болот.

Ерлан Айтуаров, Казакстандын көркөм өнөр академиясынын академиги:

- Бахытнур сүрөтчү катары технологияда болобу, живописте болобу, ар тараптуу өнүккөн, көп кырдуу сүрөтчү экени талашсыз. Ал эмгек жолун акварель менен баштаган. Эмнеге десеңиздер? Менин оюмча, акварель дагы эле анын эң жакшы көргөн түсү болуп саналат. Анткени ал өзүнүн бүт жан дүйнөсүнүн лирикалык ойлорун, билимин коомчулукка жеткире алат. Бул ар кандай сүрөттөрдү түзүү үчүн абдан ийкемдүү, натыйжалуу материал болуп саналат. Тез жайылып, жыйналат, назик, ичке болот. Майлуу боёктор менен да жакшы иштейт. Өмүр бою ал өзүн өркүндөтүп, сюрреализмге окшош модернизмге келди.

Сүрөтчүнүн эмгектери дүйнөнүн көптөгөн искусство сүйүүчүлөрүнүн жүрөгүнөн түнөк тапкан. Бахытнур Бурдесбеков көптөгөн популярдуу эл аралык көргөзмөлөрдүн туруктуу катышуучусу.

Бакытнур Бүрдесбеков, көргөзмөнүн автору, сүрөтчү:

- Азыркы учурда Берлинде көргөзмө өтүп жатат. Ал өткөн жылдын бирдин айынын 4дө ачылган. Бардыгы болуп 30 эмгек коюлду. Америкада эки жолу, Францияда бир нече жолу концерт койдум. Ошондой эле, Англияда, Бельгияда, жада калса Жапонияда да болдум. Акыркы көргөзмөм Кореяда өттү.

Көздүн жоосун алган пейзаждар, натюрморт, портрет жана улуттук стилдеги тарыхый чыгармалар. Улуттук музейдеги көргөзмө бир айга созулаарын уюштуруучулар билдиришти.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков