Казакстанда ички туризм рекорду жаңыланды

25.04.2022, 11:22

Өткөн жылы казакстандыктар ички туризмдин агымы боюнча рекорд коюшкан. 7 миллионго жакын адам жаратылыш койнунда эс алууну артык көрүшөт. Бул - акыркы жылдардагы эң жогорку көрсөткүч. Маалыматка ылайык, казакстандыктар шаарларга жана курортторго гана эмес, улуттук парктарга, коруктарга жана башка өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарына да көп барышат. Бурабай, Алматы, Шымкентте үй-бүлөлүк эс алууга суроо-талап жогору. Адистердин айтымында, келерки сезондо жаңы облустардын Абай жана Улытау райондору туристтик жайларга айланат.

Ернур Кенжебеков, «Kazakh Tourism» УК басма сөз катчысы:

- Жаңы аймактар ​​пайда болууда. Ал аймактар ​​эми быйылкы жылдын негизги тенденциясы болуп калат. Абай облусунда, Улытау облусунда, жаңыдан пайда болгон Жетису облустарында туристтик обьектилер тарыхый жактан саякаттоого боло турган жерлер көп. Бул жерлер негизинен быйылкы жылдын негизги туристтик трендине айланат. Алардын бири балдар үчүн бекер учуу программасы. Үчтүн айынын 1нен тарта мамлекеттик колдоо чаралары күчүнө кирди. Алардын бири балдар үчүн акысыз учуу программасы.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков