Германиядагы студенттик кино фестивалда казакстандык тасма көрсөтүлдү

25.04.2022, 11:16

Германиянын студенттер кинофестивалында казакстандык режиссер Куаныш Бейсековдун «Шок» тасмасы көрсөтүлдү. 23 мүнөттүк тасма өткөн мезгилге болгон саякатты баяндайт. Мектептеги тарых сабагында балдар 1930-жылдары казак талааларында болгон ачарчылык тууралуу виртуалдык саякатка чыгышат. Тасманын авторлору ошол мезгилдеги кыйынчылыктарды чагылдыра алышкан. Виртуалдык саякат учурунда техникалык мүчүлүштүктөр болуп, Шокан аттуу студент өткөн чакка кайрылып, Айша аттуу кызга жардам берүүгө аракет кылат. Казак үй-бүлөсүнүн кайгылуу тагдыры тууралуу тасманын финалы бактылуу көз ирмем менен аяктайт. Тасма казак тилинде англисче субтитр менен көрсөтүлдү. Германиядагы студенттик кинофестивалга дүйнөнүн 40 өлкөсүнөн  катышышты.

Лара, секция куратору:

- Көбүнчө режиссёрлор биздин кинофестивалдарга тасмаларын өздөрү жөнөтүшөт. Бирок казакстандык тасманы өзүбүз таптык. Биз аны биринчи жолу Франкфурт кинофестивалында көрдүк. Тасманын авторлору менен байланышып, ушул жерден көрсөтүүнү сурандык.

Амал, секция куратору:

- Тасманын темасы абдан оор. Бирок, мындай иш-чараларды да көрсөтүү керек деп чечтик. Биз ачарчылык жөнүндө айтышыбыз керек. Теманы берүү ыкмасы абдан кызыктуу. Бул жерде келечек менен өткөндүн ортосундагы байланыш бар. Кинофестивалга казакстандык тасма катышып жатканы кубандырат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков