К.Токаев «Аманат» партиясын жаңыртуу иштерин жандандырууну тапшырды

20.04.2022, 18:46

Мамлекет башчысы «Аманат» партиясынын жооптуу катчысын кабыл алды. Асхат Оралов өлкөнүн аймактарындагы эл менен жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча маалымат берди. Жалган куран айынан бери Республикалык көчмө коомдук кабылдама Акмола, Караганды, Павлодар, Кызылорда, Түндүк Казакстан жана Түркестан облустарынын тургундары менен жолугушту. Кабыл алуулар кулжа айынын аягына чейин уланмакчы. Мындан тышкары, Асхат Оралов «Ачык партия» концепциясынын алкагында «Талкуулоо» диалогдук аянтчасын ишке кошулганы тууралуу маалымат берди. Президент калк менен байланышты күчөтүү, аймактардагы парламенттик фракциялардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана партиянын жаштар канатын жаңылоо зарылдыгын белгиледи.

Которгон: Илгиз Жамалбеков