Европа балет жылдыздары Нур-Султан сахнасында өнөр көрсөтүшөт

20.04.2022, 15:09

Казак көрүүчүлөрү үчүн өзгөчө хореография, кайталангыс бий стили, мазмундуу пластика жана жаңы спектаклдер. Чын куран айынын 28де борбор калаада Европанын балет жылдыздарынын катышуусунда гала-концерт өтөт. Нур-Султандын сахнасында Англиянын улуттук балетинин премьери Исаак Эрнандес, Ковент-Гарден королдук театрынын прима-балеринасы Майара Магри, Вена улуттук операсынын башкы солисти Денис Черевичко, Монте-Карло операсынын белгилүү артисттери Симоне Трибуна жана Виктория Ананян өнөрлөрүн тартуулашат.

Виктория Ананян, Монте-Карло балетинин жетекчи солисти:

- Бул жолу казак көрүүчүлөрүнө эки балеттен үзүндү тартуулайбыз. Бул хореограф Жан-Кристо Фомайонун спектаклинде «Ромео жана Джульетта» балетинен па-де-де жана «Уйкудагы сулуу» балетинен Ла-бель па-де-деси. Буга чейин Казакстандын Алматы шаарында концерт койгонбуз. Абдан жаккан. Бул жолу биз өлкөнүн борборун тандадык.

Салтанаттуу кече «Казакстан» борбордук концерттик залынын сахнасында өтөт. Мазмундук программа эки бөлүктөн турат: классикалык жана заманбап балет шедеврлери. Белгилей кетсек, Казакстандын сахнасында биринчи жолу коюла турган спектаклдер да бар.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков