Президент Касым-Жомарт Токаев 10 мамлекеттин элчилеринин ишеним грамоталарын кабыл алды

19.04.2022, 19:24

Казакстан өнүгүүнүн жаңы этабына кадам таштады. Атаандаштыкка жөндөмдүү, демократиялык жана социалдык мамлекетти куруу үчүн республика дүйнөнүн бардык өлкөлөрү менен өз ара пайдалуу жана достук мамилелерди чыңдоого ниеттенүүдө. Чет элдик инвесторлордун жана соода өнөктөштөрдүн өлкөнүн экономикасына болгон ишенимин бекемдөөгө басым жасалат. Бул тууралуу президент Касым-Жомарт Токаев 10 өлкөнүн Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчилеринин ишеним грамоталарын тапшыруу аземинде билдирди. Мамлекет башчысы аларды Казакстандагы дипломатиялык миссияларынын расмий башталышы менен куттуктап, президентик администрация жана өкмөт тарабынан ар тараптуу колдоо жана жардам көрсөтүлөөрүн белгиледи.

Которгон: Илгиз Жамалбеков