Казакстан-Индия: маданий жана билим тармагындагы кызматташтык

19.04.2022, 16:11

Жыл сайын 15 казакстандык Индиянын эң мыкты университеттеринде акысыз билим ала алат. Бул мүмкүнчүлүктү Индия менен башка өлкөлөрдүн ортосундагы маданий жана билим берүү тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча ICCR эл аралык программасы ачып жатат. Жарым кылымдан ашык убакыт мурун негизделген бул долбоордун пайдасын дүйнө жүзү боюнча 3 миңден ашуун студенттер көргөн. Казакстан бул программага 1994-жылдан бери катышып келет.

Санджай Веди, Казакстандагы Индия Элчилигинин алдындагы Свами Вивекананда атындагы маданий борбордун мүдүрү:

- Авиабилеттен баштап, башкача айтканда чыгымдын баарын өзүбүз көтөрөбүз. Университеттеги билим алуу жана жатакана акысы толугу менен каржыланат. Ай сайын стипендия да болот. Программа докторлукка чейинки мезгилди камтыйт.

Улболсын Оракбаева, PHD, аймак таануучу

- Дал ушул ICCR программасынын алкагында мен Индиянын алдыңкы университеттеринин биринде эл аралык мамилелер боюнча магистратурада окудум. Кабыл алуу талаптары кыйын эмес. Арыздар онлайн кабыл алынат. Болгону кол коюп, керектүү форманы тапшыруу керек. Мен келгенде маектешүү өткөрүлгөн.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков