Алматыда Роза Баглановага эстелик тургузулду

18.04.2022, 11:20

Алматыда Эл артисти Роза Баглановага эстелик тургузулду. Ырчынын айкели өзү көп жылдар бою эмгектенген Жамбыл атындагы Казак мамлекеттик филармониясынын алдына орнотулду. Казак ыр өнөрүнүн булбулу чыгармачылык жолу Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында башталган. Өнөрпоздор бригадасынын курамында болгон Роза Багланова фронтто концерт коюп, жоокерлердин маанайын көтөрдү. Айрыкча аны белгилүү «Ах, Самара городок» ыры популярдуу кылган. Ошондой эле, ал «Эл Баатыры» наамына ээ болгон Казакстандын жалгыз ырчысы.

Асанали Ашимов, Казакстандын эмгек баатыры:

Элибиздин сулуу кызы Розанын эстелигин ачып жатабыз. Бул жаңы нерсенин башталышы. Аны азыр Казакстандын эли гана эмес, дүйнө эли билет. Согуш учурунда да Розанын элге кошкон салымы чоң болгон.

Тажен Багланов, Роза Багланованын уулу:

Бул апамды тааныган адамдар үчүн белек болду. Ал кайталангыс инсан, улутуна карабай өз өлкөсүнүн элдик ырчысы болгон. Чет элдиктер телефон чалып, фамилиясын акцент менен араң айтып, бирок ырларын так, катасыз ырдашчу.  Бул абдан жакшы нерсе. 

Быйыл Роза Багланованын 100 жылдыгына карата Казакстанда 25, ал эми эл аралык деңгээлде 5 иш-чара уюштурулат.                                                                                                                                                                                                                                                                      

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков