«Болашак» программасынын адистиктер тизмеси 23 чет элдик ЖОЖ менен толукталды

15.04.2022, 19:10

Эл аралык «Болашак» программасы боюнча окууну сунуштаган чет элдик университеттердин саны өстү. Кеңейтилген тизмеге 23 жаңы алдыңкы техникалык университеттер кошулду. Мындан ары мектепти бүтүрүүнү каалаган мекендештер дүйнөлүк деңгээлде суроо-талапка ээ болгон 236 университеттин бирин тандай алышат. Өз программасын кайра багыттоодо «Болашак» долбоору техникалык адистиктерге артыкчылык берген. Быйыл гранттын 60% ушул тармакка бөлүнөт. Ошондуктан тандоо жүрүшүндө Эйндховен, Гамбург, Лестер, Пхохан сыяктуу техникалык кесиптерди өнүктүрүүгө багытталган университеттерге тандоо жасалган. Белгилей кетсек, тизмеге билим сапаты боюнча дүйнөлүк же улуттук рейтингдерге кирген жогорку окуу жайлары гана кирди.

Галия Досмухамбетова, «Эл аралык программалар борбору» АК Башкарма Төрагасынын Орун Басары:

– Бул жерде бизде эки критерий бар. Биринчиси, жогорку топ дүйнөлүк рейтингдин 250 эң мыкты университеттеринин катарында болуу.  Тагыраагы бул ARWU, Times Higher Education жана QS рейтингдери. Анын ичинде жалпы эки рейтингде дагы мыкты 250 университеттин тизмесине кирсе, анда университет биздин тизмеге кошулат. Экинчи критерий БРИКС жана ОЭСР өлкөлөрүнүн топ 20 университетинин тизмесине киргизилиши керек.

Которгон: Илгиз Жамалбеков