Казакстан менен Өзбекстан ортосунда туруктуу автобус кызматы кайрадан жанданат

15.04.2022, 18:56

Алматы, Нур-Султан, Кызылорда, Туркестан, Шымкент. Бул багыттарда Өзбекстандан автобустар каттамы ишке ашырылат. Эки өлкөнүн ортосунда үзгүлтүксүз жүргүнчүлөрдү ташуу кызматы кайрадан жанданды. Коронавирус пандемиясынан улам, эки ортодо кургактагы материктик чек ара бекеттери жабык болгон эле. Азыр бардык ковид чектөөлөрү алынып салынды.

Хомиджан Насруллоев, жеткирүүчү компаниянын башчысы:

– Абдан кыйын болду. Айдоочулардын көбү жумушунан бошоду. Биз азыр кайра чогултуп жатабыз. Иш калыбына келүүдө. Автобустарды толугу менен жаңыладык. Биз бир аз каражат салдык. Жүргүнчүлөрдүн саны көбөйөт деген үмүттөбүз.

Азизбек Сабиров, жеткирүүчү компаниянын башчысы:

– Онлайн билетти Сайран автобекетинен, бул жерде Сабыр Рахимов автобекетинен алууга болот. Алматыга мурдагыдай эле жүрүп жатат. Алматыдан Нукиске да чогулууда. Эң негизгиси Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги уруксат берди. Чек ара ачылды.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков