АКШ К. Токаевдин саясий жаңылануу боюнча реформаларын толук колдойт

20.06.2022, 19:37

АКШ Казакстан президентинин саясий жаңылануу жана адам укуктарын коргоо системасын өркүндөтүү боюнча реформасын толугу менен колдойт.  Кулжа айынын 5деги референдумду аталган реформаларды ишке ашыруунун дагы бир кадамы катары баалайт. Бул тууралуу мамлекеттик катчынын жарандык коопсуздук, демократия жана адам укуктары боюнча орун басары Узра Зея Казакстандын президентинин эл аралык кызматташтык боюнча атайын өкүлү Ержан Казыханга жолдогон катында билдирди.

«Биз Казакстанга мамлекеттик башкарууну демократиялаштыруунун татаал жолунда, ачык жана элди уккан институттарды түзүүдө, ошондой эле көз карандысыз жарандык коом менен кызматташууда адам укуктарын коргоону күчөтүүдө жардам берүүгө дайым даярбыз», - деп билдирди АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары. Ал ошондой эле АКШ тынчтык, туруктуу, гүлдөгөн жана демократиялуу Казакстанды кубаттай турганын айтты.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков