Сенат Түрк академиясын жайгаштыруу шарттары менен тартибин жөнгө салган мыйзамды кабыл алды

21.04.2022, 17:00

Түрк тилдүү мамлекеттер кеңешине мүчө мамлекеттердин кызматташтыгын бекемдөө жана Казакстандын түрк дүйнөсүндөгү ролун жогорулатуу. Сенаттын депутаттары Түрк академиясын борбор калаада жайгаштыруу шарттарын жана тартибин жөнгө салууга багытталган мыйзамды кабыл алышты. Аны менен Билим берүү жана илим министри Асхат Аймагамбетов тааныштырды. Айтымында келишим өлкөгө Түрк академиясынын ишмердүүлүгү учурунда анын мүлкүнүн жана кызматкерлеринин укуктук макамын, артыкчылыктарын жана кол тийбестигин аныктоого мүмкүндүк берет.

Асхат Аймагамбетов, Казакстандын Билим жана илим министри:

- Бул академия 10 жылдан ашык убакыттан бери кадимки режимде иштеп келет. Ошондуктан бүгүнкү мыйзамдын кабыл алынгандан кийин Түрк академиясынын структурасын да, саясатын да өзгөртө койбойт.. Себеби, бул документ кол тийбестик, артыкчылыктар жана Академиянын кызматкерлерин Нур-Султан шаарында гана жайгаштыруу маселелерин бекиткен мыйзам.

Эске сала кетсек, Түрк академиясын түзүү боюнча келишимге 2012-жылдын баш оона айынын 23дө Бишкекте өткөн Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин 2-саммитинин жүрүшүндө кол коюлган. Казакстан документти эки жылдан кийин 2014-жылдын тогуздун айынын 15де ратификациялаган. Ошол эле жылдын, баш оона айынын 28де Түрк академиясы Казакстанда эл аралык уюм катары расмий каттоодон өткөн.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков