ДССУ маймыл чечегинин жайылуу коркунучуна баа берди

31.05.2022, 10:18

Дүйнөдө маймыл чечегинин жайылуу коркунучу орточо деп бааланат, бирок кырдаал мындан да начарлашы мүмкүн. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму билдирди. Эл аралык уюм вирус бир нече жума же андан көп убакытка жайылып кетиши мүмкүн деп билдирди. Алардын айтымында, маймыл чечеги бугу айынын 13нөн бери 23 өлкөдө аныкталган. Британиянын коомдук саламаттыкты сактоо агенттиги маймыл чечегине  каршы күрөшүү боюнча атайын нускамаларды чыгарды. Документте илдеттин белгилери бар адамдар денесиндеги бүдүрлөр толугу менен жок болмоюнча жыныстык катнашка барбашы керектиги айтылат. Ошондой эле, оорунун кандайдыр бир белгилери бар болсо, бейтап физикалык байланыштан баш тартуусу керек. Ал эми илдет жуктурган адамдар менен байланышта болгондорду 21 күн обочолонуусу сунушталат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков