К. Токаев Катар экономикалык форумуна катышты

21.06.2022, 19:12

Касым-Жомарт Токаев Дохада экинчи Катар экономикалык форумуна катышты. Эске сала кетсек, Казакстандын президенти Амир Тамим бин Хамад Аль Танинин жеке чакыруусу менен Катарга иш сапары менен барган. Форум экономикалык каатчылыктан чыгуу маселесине арналган. Кеңешмеге катышкандардын арасында Европанын, Азиянын жана Африканын мамлекет жана өкмөт башчылары, компания жетекчилери бар. Форумдун жыйынтыгында пандемиядан кийинки дүйнөнү калыптандыруу үчүн конкреттүү чечимдер сунушталат. Сапардын алкагында Касым-Жомарт Токаев Катардын эмири менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуунун келечегин талкуулады. Лидерлер эки тараптын соода-экономикалык байланыштарды чыңдоого жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга умтулуусун белгилешти. Соңунда мамлекет башчысы Амир Тамим бин Хамад Аль Танини Казакстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков