Такла-Макан чөлү аркылуу темир жол желеси ишке кошулат

17.06.2022, 13:00

Кытай дүйнөдөгү эң чоң жана эң узун чөлдөрдүн бири болгон Такла-Макандын айланасындагы айланма темир жолдун акыркы бөлүгүн ишке киргизди. Ал өлкөнүн түндүк-батышындагы Шинжаң-Уйгур автономиялуу району аркылуу өтөт. Темир жол линиясынын узундугу 825 чакырымды түзөт. Аны бойлоп жүргөн поездердин ылдамдыгы саатына 120 км ге чейин жетет. Жолдун боюнда 22 станция бар. Анын 11и жүргүнчүлөрдү кабыл алса, алтоосу жүктөрдү кабыл алат. Жалпысынан чөлдү айланып өтүү үчүн 11 сааттан бир аз ашык убакыт кетет. Эске салсак, жаратылыш ландшафтынын татаалдыгына байланыштуу темир жолдун курулушу үч жарым жылга созулду. Жолдун бир бөлүгү рельстерди кум бороонунан коргоо үчүн көпүрө катары курулган. Мындан тышкары, кумдун жылышын токтотуу үчүн 13 миллиондон ашык тал отургузулган. Бийлик темир жол линиясынын ачылышы вагондук поезддердин чөлдү толугу менен айланып өтүүсүнө шарт түзөт дешет. Ошондой эле, ал Шинжаңдын пахта, жаңгак, курма жана минералдар сыяктуу бренддик товарларын ташууну, логистиканы жеңилдетет.

Ван Цзиньчжун, Шинжаң темир жолу партиялык комитетинин катчысы:

- Бул оңой долбоор болгон жок. Жумушчулар дайыма кумдуу бороон менен күрөшүүгө аргасыз болушкан. Жолдун 65%ы чөл талаа аркылуу өтөт. Темир жолдун нормалдуу иштеши үчүн анын жолуна кумдун кирбешине жол бербөө керек, анткени бул кыймылга коркунуч жаратышы мүмкүн.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков