Президент Касым-Жомарт Токаевдин катышуусунда мекемелер аралык комиссиянын жыйыны өттү

10.06.2022, 19:21

Кирешелерди адилет бөлүштүрүү жана жарандардын жашоо сапатын жакшыртуу. Бул жаңы Казакстанда экономиканы өнүктүрүүнүн башкы принциби болууга тийиш. Мындай пикирин президент Касым-Жомарт Токаев экономикалык ресурстарды мыйзамсыз топтоштурууга каршы күрөшүү боюнча мекемелер аралык комиссиянын жыйынында билдирди. Эске салсак, комиссия президенттин жарлыгы менен түзүлгөн. Анын ишмердүүлүгү мыйзамсыз жол менен чыгарылып кеткен акча каражаттарын өлкөгө кайтарууга багытталат. Мамлекет башчысынын айтымында, мыйзамсыз чыгарылган капиталды бардык мыйзамдуу жол-жоболор менен кайтаруу үчүн белгилүү бир убакыт керек. «Негизги максат – сотко берилген кылмыш иштеринин саны эмес, экономиканы реалдуу калыбына келтирүү» - деди президент. Прокуратура бардык процедуралардын мыйзам чегинде толук сакталышын камсыз кылууга тийиш. Ишти көзөмөлдөө президенттин администрациясына жүктөлдү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков