Казакстанда турак жайдын баасы өсүп жатат

09.06.2022, 13:00

Казакстанда кыймылсыз мүлктүн баасы өсүүдө. Жаңы үйлөр менен катар экинчи класстагы турак жайлардын баасы да кымбаттап жатат. Улуттук статистика бюросунун маалыматына ылайык, бир айдын ичинде жаңы турак жайлардын баасы болжол менен 2 пайызга кымбаттады. Башкача айтканда, өлкөдө бир чарчы метрдин баасы болжол менен 7 миң теңгеге кымбаттаганын Биринчи насыя бюронун адистери билдирди. Батирдин эң жогорку баасы Нур-Султан шаарында катталган. Борбор калаада чарчы метр 545 миң теңгеден жогору болсо, эң төмөнкүсү Таразда 160 миң теңге. Экинчилик турак жай рыногунда абал бир топ жакшыраак. Бир чарчы метрдин наркы бир гана пайызга жогорулады. Бул акыркы 8 айдагы эң төмөнкү өсүш дешет адистер. Эске салсак, былтыр жана ушул жылдын башынан бери бул батирлердин баасы менен катар ижара акысы рекорддук деңгээлге көтөрүлгөн. Бугу айында 13 шаарда экинчи класстагы турак-жайдын баасы кескин кымбаттады. Эң жогорку өсүш Өскемен, Кызылорда жана Актау шаарларында байкалган. Ал эми борбор калаада, тескерисинче, экинчи кезектеги турак жайдын баасы арзандай баштады.

Которгон: Илгиз Жамалбеков