Р.Скляр: Казакстанда дизелдик отундун тартыштыгы жок

08.06.2022, 15:57

Өлкөдө күйүүчү-майлоочу майлардын, анын ичинде дизелдик отундун тартыштыгы жок. Депутаттардын суроосуна биринчи вице-премьер-министр Роман Скляр жооп берди. Анын айтымында, ата мекендик мунай өндүрүүнүн туруктуулугун сактоо максатында өлкөдөн мунай өнүмдөрүн экспорттоого тыюу салууну 2022-жылдын аягына чейин узартуу боюнча иштер жүрүп жатат. Мындан тышкары, күйүүчү-майлоочу майларды сатуунун чектелишине жол бербөө максатында өлкөнүн ички рыногунда баалардын, суроо-талаптын жана сунуштун таасири такай болжолдонуп, талдоо жүргүзүлүп келет. Атап айтканда, ортомчуларды жоюу жана мунай иштетүүчү заводдорду чийки зат менен камсыздоо схемасы кайра каралат. Роман Скляр күйүүчү майдын дүң жана чекене баасы өкмөттүн көзөмөлүндө болот деп ишендирди.

Белгилей кетсек, 2022-жылы Казакстан Орусиядан 825 миң тонна күйүүчү май импорттоону көздөөдө.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков