Казакстан менен Германиянын экономикалык кызматташтыгы кеңейет

13.05.2022, 14:47

Казакстан-Германия экономикалык кызматташтыгы боюнча бизнес форумда 200 миллион доллардан ашык 11 келишимге кол коюлду. Тараптар саламаттыкты сактоо, транспорт жана логистика, унаа жасоо, мунай-химия, инновация жана өндүрүштү автоматташтыруу тармактарында кызматташууну макулдашты. Ошентип, жакынкы аралыкта өлкөдө Казакстанда-Германиялык 10 долбоор ишке ашат. Алардын арасында санариптик лабораторияларды түзүү, гипс иштетүүчү заводду куруу, интермодалдык терминалды жана гемодиализ клиникаларын ишке киргизүү пландалган. Борбор калаада өткөн иш - чарага 70тен ашык германиялык компаниялар катышты.

Алмас Айдаров, Казакстандын тышкы иштер министринин орун басары:

- Бүгүнкү күндө Казакстанда Германиянын капиталы менен 620 компания иштеп, салык төлөйт. Эң негизгиси, немис инвестициясынын 90 пайызы экономиканын мунай эмес секторуна багытталган. Өткөн жылы эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү 2,2 миллиард долларды түздү. Бирок бул көрсөткүчтү бир нече эсеге көбөйтүү зарыл, анткени товар жүгүртүүнү көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк бар. Өткөн жылы 350-360 миллион доллар инвестиция тартылса, быйыл 400 миллион долларга чейин көбөйтүү көздөлүп жатат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков