Жеке инвесторлорго юридикалык жактарды карыздарын сатып алууга уруксат берилет

11.05.2022, 18:33

Өлкөдөгү банктардын жана кичи-каржылык уюмдардын активдерин жеке инвесторлорго сатуу укугу берилет. Мажилис бул тууралуу мыйзам долбоорун жактырды. Каржы рыногун жөнгө салуу жана өнүктүрүү агенттигинин төрагасы Мадина Абылкасымованын айтымында, мындай жаңычылдык юридикалык жактардын карызын сатып алууга гана багытталган. Максаты – каржы мекемелери карызкордон насыя эсебинен өндүрүп алган мүлктү экономикалык жүгүртүүгө киргизүү. Себеби, күрөөгө коюлган жер тилкелери, өнөр жай, соода объектилери жылдар бою токтоп туруп калган. Бүгүнкү күндө мындай активдердин жалпы баасы 1 триллион теңгеден ашат.

Мадина Абилкасымова, Каржы рыногун жөнгө салуу жана өнүктүрүү агенттигинин төрайымы:

- Учурда банктар жана микрофинансылык уюмдар мындай өндүрүп алынган активдерди 5 жылга чейин өз баланстарында кармап турушат. Бул учурда мүлк чарбалык жүгүртүүгө катышпайт. Ошондуктан бул мыйзамда дагы бир жаңычылдык бар. Үч жылга чейин ушул мөөнөт үч жылга кыскартылды. Бул убакыт ичинде банктар мындай күрөөгө коюлган мүлктү тез арада сатуусу зарыл. Эгер аны сатпаган учурда биз аларга көзөмөлдөө чараларын колдонобуз.

Негизинен мыйзам долбоору ишкердин карыздарын сатып алууга укугу бар инвесторлорго чектөө койбойт. Жада калса чет өлкөлүк да ээлик кылышы мүмкүн. Бирок, жерге тиешеси жок карыз болушу керек. Мындан тышкары, бул мыйзам боюнча өлкөдө түзүлгөн сервистик компаниялардын ишенимдүү башкаруусуна өткөрүп берүүгө милдеттүү. Тейлөө институту өз кезегинде активдердин ликвиддүү рыногун түзүү үчүн зарыл шарттарды түзөт.

Мадина Абилкасымова, Каржы рыногун жөнгө салуу жана өнүктүрүү агенттигинин төрайымы:

- Сервистик компаниялардын функцияларын банктардын активдерди башкаруу боюнча түзүлгөн уюмдары жана коллектордук агенттиктер эми аталган функцияларды аткарат. Аларга жогорку талаптар коюлат. Менчик капиталы боюнча жана жумуш тажрыйбасы боюнча башка да талаптар коюлат.

Баяндамачынын айтымында, бул насыя алуучунун укугун коргоонун кошумча механизмин камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Себеби, аталган уюмдар Каржы рыногун жөнгө салуу жана өнүктүрүү агенттигинин карамагына кирет. Агенттик белгиленген талаптарга жооп берген тейлөөчү ишканалардын реестрин жүргүзөт жана алар жөнүндө маалыматты өзүнүн сайтында жайгаштырат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков