Улуттук банк базалык ченди көтөрүү себебин түшүндүрдү

27.04.2022, 16:01

Улуттук банк базалык ченди 14% көтөрүү себебин түшүндүрдү. Аталган каржы мекемесинин төрагасы Галымжан Пирматовдун айтымында, бул чечим инфляциянын туу чокусуна жеткирбөө үчүн зарыл чара катары кабыл алынган. Дүйнөдөгү геосаясий кырдаалга байланыштуу инфляция бир топ жогорулады. Тышкы рыноктордо туруксуздук дагы эле сакталууда. Баалардын өсүшү бардык тармактарда байкалып жатат. Бул учурда жылдык инфляция 12%га чейин өстү. Галымжан Пирматов абал турукташмайынча базалык ченди төмөндөтүү күн тартибинде жок экенин айтты. Ал экинчи чейректе инфляциянын өсүшү улана турганын болжолдоду.

«Буга байланыштуу инфляцияга каршы акча-кредит саясатынын ролу азыркы кезде керектөөчүлөрдүн аманаттарын колдоо үчүн маанилүү. Бул чаралардын жардамы менен биз суроо-талап менен сунушту тең салмактап, эки орундуу сандарга жеткен башаламан инфляциянын алдын алууга таасир эте алабыз. Ошондуктан биз үчүн базалык ченди көтөрүү чечими биринчи кезекте инфляциянын өсүшүнө жол бербөө үчүн зарыл чара болуп саналат», - деди Улуттук банктын төрагасы.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков