Алдыдагы 4 жылда айыл маселелерин чечүүгө 670 миллиард теңге кажет

25.04.2022, 19:08

Алдыдагы 4 жылда элет жеринин инфраструктуралык көйгөйлөрүн чечүү үчүн 670 миллиард теңге керектелет. Бул тууралуу Улуттук экономика министри парламентте өтүп жаткан өкмөттүк саатта «Айыл – өлкөнүн бешиги» долбоорун талкуулоо учурунда билдирди. Алибек Куантыровдун айтымында, быйыл дарамети бар айылдарды модернизациялоого 100 миллиард теңге бөлүнгөн. Аталган каражаттар турак жай-коммуналдык чарба, социалдык инфраструктура, анын ичинде билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана спорт тармагына жумшалат.

Алибек Куантыров, Улуттук экономика министри:

- 2019-2021-жылдарга 206 миллиард теңге бөлүнүп, 2,6 миңден ашык долбоор ишке ашырылган. Бул 250 турак жай-коммуналдык чарбаны, 676 социалдык инфраструктура объектилерин жана 1,7 миңден ашык транспорт инфраструктурасын жаңылоого мүмкүндүк берди. 2022-жылы өнүгүү дарамети бар 492 айылда 914 долбоорду ишке ашырууга 100 миллиард теңге бөлүндү. Президенттин тапшырмасына ылайык, «Айыл – Эл бешиги» батыш жана түштүк аймактарга социалдык-маданий, спорт жана билим берүү инфраструктурасын өнүктүрүүгө 20 миллиард теңге өлчөмүндө каражат бөлүү мерчемделүүдө.

Бирок улуттук долбоор толук ишке ашпай калуу коркунучу бар. Мындай кооптонууну Мажилистин Экономикалык реформа жана аймактык өнүгүү боюнча комитетинин төрагасы Альберт Рау билдирди. Анын айтымында, «Айыл – өлкөнүн бешиги» үч жылда болгону 18%га гана аткарылган.

Альберт Рау, Мажилистин экономикалык реформа жана аймактык өнүктүрүү комитетинин төрагасы:

- Долбоордун алкагында облустук акимчиликтер Улуттук экономика министрлиги менен биргеликте 6300 айылдык калктуу конуштардын ичинен 3,5 миңден ашуун айылды, анын ичинде 1173 таяныч жана 2388 өнөктөш айылдарды тандап алышты. 2022-жылдын үчтүн айынын 1не карата иш жүзүндө программага 3,5 миң айылдын 665и гана камтылды. Башкача айтканда, үч жылда 18% гана жылыш болгон. Ошол эле учурда алдыдагы төрт жылда долбоор 2870 айылды же 82%ды камтышы керек. Долбоордун улуттук параметрлеринин аткарылбай калуу коркунучу бар.

2022-жылдын үчтүн айынын 1не карата өлкөдө 6300гө жакын айылдык калктуу конуштар бар, аларда 8 миллионго жакын калк жашайт.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков