Казакстан электр энергиясын өндүрүүнү 30%га арттырды

22.04.2022, 18:00

Казакстанда 2021-жылы кайра жанма энергия булактарынан төрт миллиард киловатттан ашык электр энергиясы өндүрүлдү. Анын басымдуу бөлүгү 1,8 миллиард шамал энергиясына жана 1,6 миллиард күн, андан кийин суу жана био жабдуулардан турат. Энергетика министрлигинин маалыматы боюнча, 2022-жылы 10 станциянын ишке киришинин эсебинен жашыл энергия өндүрүү алда канча көп болот. Кошумчалай кетсек, 2023-жылы кайра жанма энергия булактарынын дагы 11 объекти ишке киргизилет.

Алма Жүкенова, Кайра жанма энегрия булактары департаментинин мүдүрүнүн орун басары:

- Бизде күн энергиясы менен иштөөчү объектилер көп. Биз аларды иреттеп койдук. Ал эми азыр шамал электр станцияларына көбүрөөк көңүл буруп жатабыз. Анткени алардын эффективдүүлүгү күнгө жана башкаларга караганда жогору. Албетте, биз гидроэнергетикага да көңүл бурабыз. Себеби гидроэлектрстанциялар маневрдук кубат берет. Кечинде жана түнкүсүн максималдуу жүктөрдү жабуу үчүн маневр күчү керек. Ошондуктан, күн менен шамал, албетте жакшы, бирок алар туруксуз. Ал үчүн гидроэлектрстанция түрүндө маневрдук кубат кажет.

Белгилей кетсек, кайра жанма энергия булактарынын бардык долбоорлору чет элдик инвестициялар аркылуу  ишке ашат. Бүгүнкү күндө 10 өлкөнүн ондогон компаниялары узак мөөнөттүү келишимдерге кол коюшту.

Алма Жүкенова, Кайра жанма энегрия булактары департаментинин мүдүрүнүн орун басары:

- 2018-жылдан баштап бизде аукциондук механизм иштейт. Башкача айтканда, өлкөлөр аукциондор аркылуу кайра жанма энергия долбоорлорун ишке ашырууга катыша алат. 2018-2021-жылдар аралыгында аукционго 12 өлкөдөн 196 компания катышкан. Арыздар мерчемделгенден эки эсе көп келип түштү. Биздин рынокко ири инвесторлор гана эмес, ири мунай компаниялары да киргени кубандырат.

Ошентип, Казакстан 2025-жылга чейин жалпы энергетика системасындагы кайра жанма энергия булактарынын үлүшүн 6%га, 2030-жылга чейин 15%га чейин жеткирүүнү көздөп жатат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков