ЕЭК: 300 товар бажы төлөмдөрүнөн бошотулат

18.04.2022, 14:20

ЕЭК кеңеши маанилүү импорттук товарлардын кеңири ассортименти үчүн бажы алымдарын убактылуу алып салуу боюнча жаңы сунуштарды бекитти. Бул - ЕАЭБ өлкөлөрү экономикасынын туруктуулугун жогорулатуу боюнча бажы-тарифтик чаралардын үчүнчү пакети. Жыйындын жыйынтыгы боюнча 300гө жакын товар бажы төлөмдөрүнөн бошотулат. ЕЭК басма сөз кызматы билдиргендей, бул органикалык химиялык кошулмалардын жана органикалык эмес химиялык өнүмдөрдүн айрым түрлөрүнө, унаалардын, жабдуулар менен механизмдерге арналган тетиктерге, буурчак өсүмдүктөрүнүн түрлөрүнө, ошондой эле кагаз жана картонго тиешелүү болот. Ал эми комиссиянын компетенциясына кирген бир катар товарлар боюнча жакын арада чечим кабыл алынат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков