Казакстанда буудай экспортуна чектөө киргизилет

18.04.2022, 12:16

Казакстанда кулжа айынын 15не чейин дан жана ун экспорттоого чектөө киргизилди. Документ мамлекеттик каттоого жөнөтүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Буйрук күчүнө киргенден кийин аларды жеткирүү бекитилген квотанын чегинде катаал түрдө ишке ашырылат. Буга ылайык өлкөдөн 1 миллион тонна буудай жана 300 миң тонна буудай унун жана кара буудай унун гана экспорттоого болот. Бул бааны турукташтыруу, анын ичинде ички рынокто азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында болуп жатканын тиешелүү мекеме билдирди. Өз кезегинде Айыл чарба министрлиги өлкөдө дан тартыштыгы жок экенин маалымдады. Казакстанда жыл сайын 3 миллион тонна ун өндүрүлүп, анын жарымына жакыны экспортко чыгарылат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков